Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуНоокен району 06.01.2020 15:51

Чек ара заставасында өзүнө ок аткан аскер кызматкеринин абалы кандай?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунда өз бутуна ок атып алган аскер кызматкери Кочкор-Ата шаардык аймактык ооруканасында дарыланууда. Бул маалыматты ооруканадагылар дагы тастыкташты.

Маалым болгондой, Ноокен районундагы чек ара заставасында 24 жаштагы аскер кызматкери өз бутуна ок атып алган. Ал 5-январга караган түнү Ноокен аймактык ооруканасына жеткирилген. Учурда аскер кызматкеринин абалы туруктуу, дарыланып жатат.

«Жабырлануучуну аскер кызматкерлери алып келишти, бутундагы огу алынып, биринчи жардам көрсөтүлүптүр. Бул жерден дагы хирургиялык тазалоо жүргүзүлүп, ок тийген жери тигилди. Учурда хирургия бөлүмүндө дарыланууда», - деп билдиришти ооруканадан.

Аскер кызматкери сол бутунан октон жаракат алганы жана кашка жилиги сынганы аныкталган.

Учурда Жалал-Абад гарнизондук аскер прокуратурасы териштирүү жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×