Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 06.01.2020 14:05

Ала-Букада Жаңы жыл түнү көз жарган 3 энеге белектер тапшырылды

Turmush -  Ала-Бука районунда Жаңы жыл түнү көз жарган 3 энеге белектер тапшырылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, белектерди райондун акими Эмил Абдыкадыров тапшырды.

«Аким райондук төрөт үйүндө болуп, эне жана балдардын ден соолугунун абалы менен таанышып чыкты. Ошондой эле Жаңы жыл түнү көз жарган 3 энеге белектерди тапшырды», - деп билдиришти акимиаттан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×