Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 05.01.2020 15:20

Өзгөчө ысым: Атымды уккандар кытайсыңбы деп сурашат, - Кара-Көлдүн тургуну

Turmush -  «Өзгөчө ысым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Кара-Көл шаарынын 68 жаштагы тургуну Мавзудайыр Телтаев. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, аны көпчүлүк Макен деп аташат.

«Атам мага чейин балалуу болгону менен алар чарчап кала берген экен. Үч-Терек район болуп турган учурда атам Телтаев Сыдыгалы башкарма болуп иштептир. Балдары токтобой жүрүп, жашы өткөндө 1951-жылы мен төрөлүптүрмүн. Ошондо сот болуп иштеген эки досу келиптир. Алардын бирин «нормальный сот», экинчисин «жинди сот» деп коюшчу экен. Жакшы ысым ыйгарууну самап, атам уулумдун атын ким койсом деп алар менен кеңешиптир. «Жинди сот» деген атка конгон досу ошол кезде Кытайтын башчысы Мао Цзэдундун атынан Мавзедун коюуну сунуштаптыр. Экинчи досу: «Кыргызда Дайыр Асанов деген баатыр бар. Ошонун атын коёбуз» деп талашкан экен. Ошондо атам: «Көп талашпагыла, экөөңөр сунуштаган атты бириктирип, Мавзудайыр коём» деп мага ушул ысымды ыйгарыптыр. Бирок мындай ат эч бир жерде жок. Документимди көргөндөр атымды окуп таң калышат, кээ бири «кытайсыңбы?» деп сурашат», - деди Мавзудайыр Телтаев.

Анын айтымында, кесиби боюнча айдоочу.

«Бензин сатып, жеке ишкер да болуп иштедим. Бишкек—Ош жолунда түрктөрдүн фирмасында айдоочу болуп иштеп жүрдүм. 18 жылдай Токтогул ГЭСтер Каскадында эмгектендим», - деди ал.

Мавзудайыр Телтаевдин 4 уулу, 1 кызы жана 12 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×