Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 05.01.2020 13:06 Жаңыланды: 05.01.2020 21:13

Жеңилип калганда үйгө барчу эмесмин, - каратэ боюнча өлкөнүн 6 жолку чемпиону Урмат

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын 23 жаштагы тургуну Урмат Абдилаев спорттун каратэ түрү боюнча Кыргызстандын 6 жолку чемпиону болгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 9 жашынан бери машыгат.

«Алгач №9 Р.Санатбаев атындагы мектептин спорт залында машыгып баштагам. Биринчи жолу Сузак районуна караштуу Жашасын айылында өткөн турнирге катышып, 3-орунду ээлегем. Кээ бир турнирлерде жеңилип калганда, ата-энемдин ишеничин актай алган жокмун деген ойдо үйгө барбай жүрө берчүмүн. Бир жолу Жалал-Абад шаарында турнир болуп, ал жерден да жеңилип калдым. Мелдеш бүткөн соң үйгө байгесиз баргандан уялып, түнү менен көчөдө жүрдүм. Таң атканда ата-энем жумушка кеткенде гана үйгө баргам. Көрсө алар түнү менен досторум менен байланышып, мени издешкен экен. Кийин талыкпай машыгып жүрүп, бир нече ийгиликтерге жетиштим. 17 жашымда чоңдор арасында өткөн мелдеште Кыргызстандын чемпиону болдум. Ошентип Кыргызстандын 6 жолку чемпиону болууга жетиштим», - дейт Урмат.

Анын айтымында, ал эл аралык мелдештерге дагы катышып келет.

«2014-жылы мектепти аяктагандан кийин Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине барып, инженер-энергетик адистигине ээ болдум. Студент кезимде дагы спортту таштап койбой, көп ийгиликтерди багындырдым. Ошол эле жылы Кореянын Сеул шаарында өткөн Азия оюндарында өзбекстандык спортчу менен беттешке түшүп, андан жеңилип калдым. Ал эми 2018-жылы Австриянын Линц шаарындагы Азия оюндарына катыштым. Көп учурда чет өлкөлөрдө болгон оюндарга барууга каражат жагынан көйгөйлөр жаралып келет. Көбүнчө ата-энем, туугандардын колдоосу менен катышып келем. Окуумдан сырткары каратэге кызыккан спортчуларды машыктырам», - дейт ал.

Урмат учурда Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда чарбалык иштер боюнча башкаруучу болуп иштейт. Ал үй-бүлөдө эки бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×