Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 04.01.2020 19:25

Ош—Бишкек жолунда жеңил унаа өрттөнүп кетти. Видео

Turmush -  Ош—Бишкек унаа жолунда жеңил унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасына күбөлөр билдирди.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсык 4-январда саат 18:00 чамасында Ош—Бишкек унаа жолунун 499-чакырымында болгон.

«Lada 06» үлгүсүндөгү унаа Жалал-Абад шаарынан Ала-Бука районун көздөй бара жатып, Маданият айылынын аймагында жол четиндеги тосмону сүзүп токтогон. Электр зымдарынын чыңалышуусунан унаа толугу менен өрттөнүп кеткен. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Унаада айдоочу өзү гана болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×