Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 04.01.2020 16:53 Жаңыланды: 04.01.2020 22:18 На русском

Лимон өстүргөн багбан А.Нышанов кирешесине унаа сатып алды. Видео

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 63 жаштагы тургуну Акиналы Нышанов күнөсканада цитрус өсүмдүктөрүн өстүрүп, киреше табат. Элеттик багбан менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, 7 жыл мурун лимондун көчөтүн отургузуп, учурда анын санын 40ка жеткирди. Мындан тышкары күнөсканада банан жана мандарин дагы өстүрөт.

«Короомо чакан күнөскана куруп, ал жерге Өзбекстандан лимондун көчөтүн алып келип эккем. Лимон 3 жылдан кийин түшүм берип баштайт экен. Башында түшүмдүүлүк жакшы деле болгон жок. Өткөн жылы 1 тоннадай түшүм алганбыз, ал эми декабрь айынан тарта базарга алып чыгып сатып жатабыз. Жаңы эккен жылдан баштап 250 миң сомдон ашык чыгаша кетти. Негизи бул өсүмдүк нымдуулукту абдан жакшы көрөт экен. Быйыл банан менен мандариндин көчөттөрүн дагы коштум», - деди багбан.

Ал багбанчылык менен бутуна турганын айтат.

«Багбанчылыктын арты менен балдарды окутуп, үй-бүлөмдү багып келе жатам. Тапкан кирешеме унаа сатып алдым. Бирок акыркы учурда түшүм көбөйгөндөн бери аны сатуу көйгөйгө айланды. Учурда лимондун 1 килограммын 100 сомго чейин сатып жатабыз. Бирок ошол баага дагы сата албай калган учурлар болот. Анткени коңшу Өзбекстандан келген өсүмдүктөр арзан сатылып, биздин эмгек акталбай калууда. Эгер өкмөт лимондон шире же кыям даярдай турган ишкана ачса жакшы болмок», - дейт Акиналы Нышанов.

Мындан сырткары, ал 2 гектарге дарбыз, коон жана малга тоют үчүн жүгөрү өстүрөт. Ал 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×