Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.01.2020 16:43

Сүрөт — Жалал-Абаддагы жаңы жылдык балатылардын парады

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы район-шаарларда орнотулган жаңы жылдык балатылардын узундугу 4,5 метрден 28 метрге чейин болду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жалал-Абад шаарында жаңы жылдык балатынын узундугу 28 метрди түздү. Аны орнотууга жана кооздоого жергиликтүү бюджеттен 1 млн 50 миң жумшалган.

Новогодняя елка в городе Жалал-Абад

Сузак районунун аймагына бийиктиги 5 метрди түзгөн балаты орнотулган. Ал үчүн Сузак айыл өкмөтү тарабынан 20 миң сом бөлүнгөн. Жаңы жылдык балатыны 7 кызматкер кайтарууга алган.

Базар-Коргон районундагы жаңы жылдык балатыны орнотууга айыл өкмөт тарабынан 112 миң сом бөлүнгөн. Тендер өткөрүлүп, андан жеке ишкер 88 миң сом утуп алган. Балатынын узундугу 12 метрди түзгөн. Бирок социалдык тармактарда талкууга түшкөндөн кийин балаты кооздолгон, кечкисин концерттик программа өткөрүлгөн.

Ноокен районунун Масы айыл округунда бийиктиги 12,5 метрди түзгөн балаты орнотулган. Жаңы жылдык иш-чараларды уюштурууга айыл өкмөт тарабынан 40 миң сом бөлүнгөн. Ага балатыны кооздошуп, балдарга жаңы жылдык белек алышкан.

Новогодняя елка в Ноокенском районе

Майлуу-Суу шаарында бийиктиги 6 метрди түзгөн жасалма балаты орнотулган. Каркасы 2014-жылы алынган, жыл сайын оюнчуктары алмаштырылат. Быйыл жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөн эмес. Аны кооздоого көрктөндүрүү жана жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын жетекчиси тарабынан 5 миң сом берилген. Мэр Н.Аманбаевдин катышуусунда майрамдык концерт уюштурулган.

Новогодняя елка в городе Майлуу-Суу

Токтогул шаарында жаңы жылдык майрамга карата 20 миң сом бөлүнгөн. Ага бийиктиги 12 метрди түзгөн балаты орнотулган.

Новогодняя елка в Токтогульском районе

Тогуз-Торо районунда мамлекеттик администрация жана мекеме-ишканалар жаңы жылдык балатыны бирге кооздошкон. Өткөн жылы демөөрчүлөрдүн жардамы менен бийиктиги 4,5 метрди түзгөн жасалма балаты алынган. Быйыл каражат бөлүнгөн эмес.

Новогодняя елка в Тогуз-Тороуском районе

Чаткал районунда жаңы жылдык балатыны орнотууга 30 миң сом бөлүнгөн. Анын бийиктиги 5 метрди түзгөн.

Новогодняя елка в Чаткальском районе

Кербен шаарында иш-чаралар үчүн 90 миң сом бөлүнгөн. Бир гана башкы балаты эмес, анын тегереги дагы кооздолгон.

Новогодняя елка в Аксыйском районе

Кара-Көл шаарында жаңы жылдык балатынын узундугу 21 метрди түзгөн.

Новогодняя елка в городе Таш-Кумыр

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×