Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.01.2020 13:56

Жалал-Абаддын жашоочулары Жаңы жылды кандай тосушту?

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтына жаңы жылдык салтанатты көрүүгө 1 миңден ашуун адам келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, майрамдык салтанатка өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.

Салтанат саат 19:00дөн түнкү саат 12:00гө чейин уланып, майрамдык иш-чаралар түз эфир аркылуу чагылдырылып турду. Анда майрамдык жасалгалоо сынагынын жыйынтыгы чыгып, активдүү катышкан мекеме-ишканалардын жетекчилери сыйланды. Түнкү саат 12:00дө борбордук аянттагылар чоң экран аркылуу өлкө башчынын куттуктоосуна күбө болгон соң тарашты.

Коомдук коопсуздук күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алынды. Жүргүнчү ташуучу транспорт каражаттары саат 02:00гө чейин иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×