Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 31.12.2019 11:12

Бишкек—Ош жолунда 2 унаа кагышып, эки адам жабыркады

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Токтогул районунда 2 унаа кагышып, 2 адам жеңил жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек—Ош унаа жолунун 258-чакырымында «Тойота Секвойя» жана «ДЭУ Нексия» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 1976-жылы туулган аял жана 1999-жылы туулган кыз жеңил жаракат алышкан. Куткаруучулар жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп, Токтогул райондук ооруканасына жеткиришкен.

Окуя болгон жерге 2 куткаруучу тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×