Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуСузак району 30.12.2019 18:37

«Былтыр өрттөп кетишкен»: Сузактагы жаңы жылдык балатыны кызматкерлер кайтарууда

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районунун борборундагы жаңы жылдык балатыны быйыл айыл өкмөттүн кызматкерлери жана тартип сакчылары кайтарып жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы Аскар Сариевдин пикиринде, күн сайын балатыны кайтарууга айыл өкмөттүн 7 кызматкери кезекке туруп, көз салууда.

«Өткөн жылы жаңы жылга саналуу күндөр калганда белгисиз адамдар айыл өкмөттүн борборундагы кооздолгон балатыны өрттөп кетишкен болчу. Быйыл ал көрүнүш дагы кайталанбасын деп айыл өкмөттөн 7 кызматкер, милиция кызматкерлери болуп күнү-түнү кезектешип кайтарып жатабыз. Учурда балатыны орнотконубузга 3 күн болду, элдин маанайы жакшы. Жаңы жылдык балатыны жасалгалоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 20 миң сом каралган», - деди Аскар Сариев.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн айтымында, балатынын узундугу 5 метрди түзөт. Анда 65 даана жаңы жылдык оюнчук жана 70 даана жылтырак бар экени белгилүү болду.

Сузак районунун калкынын саны 295 миң адамды түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×