Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Жалал-Абад облусуСузак району 30.12.2019 18:02

Сириядагы согушка катыштыгы бар делген жигиттин үйүнөн куралдар табылды. Видео

Пистолет с глушителем
Пистолет с глушителем
// УВД Жалал-Абадской области

Turmush -  Жалал-Абад облусунда Сириядагы согуштук аракеттерге катыштыгы бар деп шектелген жарандын үйүнөн курал-жарактар табылды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин негизинде, Сузак районунун 1991-жылы туулган Б.Э. аттуу тургуну өзүнүн жашаган үйүндө курал-жарак сактап жүргөнү жөнүндө маалымат алынган.

Аталган маалымат Сузак РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 2019-жылдын 25-октябрында КРнын Жазык кодексинин 253-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Бирок Б.Э.нын жүргөн жерин аныктоо максатында атайын тергөө тапшырманын негизинде иш-чаралар жүргүзүлүп, ал 2014-жылы Россияга барып, Түркия аркылуу өкмөттүк армияга каршы согуш аракеттерине катышуу үчүн Сирияга чыгып кеткени аныкталган. Ошондой эле 2014-жылы согуш болуп жаткан Сирияга барганга чейин дыйканчылык менен алектенгени такталган. Алынган ыкчам маалымат боюнча Б.Э. «Катибат аль Имам аль-Бухари» террордук уюмуна кошулган.

2015-жылы июнь айларында анын артынан согуш болуп жаткан Сирияга үй-бүлөсү (атасы, апасы, эжеси, жээни, өздүктөрү аныкталган) Түркия аркылуу чыгып кетишип, алар согуш лагеринде жүргөнү боюнча маалыматтар алынган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 2019-жылдын 23-декабрь күнү Сузак райондук соту тарабынан турак-жайды тинтүүгө берилген токтомунун негизинде тиешелүү кызматтардын жана калыстардын катышуусунда шектүүнүн жашаган дарегине тинтүү жүргүзүлдү. Тинтүү учурунда Б.Э.нын үйүнүн чатырынан самандын астынан кызыл түстөгү полиэтилен пакетке оролгон ок атуучу куралга таандык эки даана магазин 12 даана огу менен жана белгилери өчүрүлгөн белгисиз ок атуучу курал (тапанча) табылган. Бул буюмдарды көрсөтүлгөн даректе убактылуу жашаган Б.Э.нин карындашы агасына таандык болушу мүмкүн экенин тастыктаган.

Алынган буюмдарга соттук-криминалистикалык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалып, тергөө кызматы тарабынан алынган куралдын башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча тергөө иш аракеттери улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×