Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 30.12.2019 16:13

Таш-Көмүрдө Аяз атага айланган милиционерлер 21 үй-бүлөгө белек беришти

Turmush -  Таш-Көмүр ШИИБдин башчысы, милициянын подполковниги Азенбек Козукеевдин демилгеси жана өздүк курамдын колдоосу менен шаар аймагындагы 21 үй-бүлөгө майрамдык белектер тапшырылды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери Аяз атанын кийимин кийип, жаңы жылга карата шаар тургундарынын маанайын көтөрүү максатында ички иштер органдарынын ардагерлеринен, эмгектин баатырынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөрдөн жана ата-энесинен эрте ажыраган балдардан кабар алышты. Алар майрамдык белек-бечкектер менен толтурулган баштыктарды тапшырышып, келе жаткан жаңы жылга карата куттукташты.

Милиция тарабынан берилип жаткан белектерге ыраазы болгондор аларга ийгиликтерди каалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×