Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 30.12.2019 10:18

30-31-декабрь күндөрү ашууларда кар көчкү түшүүсү ыктымал

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Бүгүн, 30-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордогу жолдордо кар күрткү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал. 30-декабрдан 31-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек—Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке—Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука—Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка—Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү ыктымал. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×