Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуСузак району 28.12.2019 11:20 На русском

Сузакта тургундардын мал-мүлкүнө кол салып жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мал жана баалуу буюмдарды уурдап жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 13-ноябрь күнү Сузак районунун 1972-жылы туулган тургуну С.Г. РИИБге кайрылып, 13-ноябрда болжол менен саат 15:00 чамасында үйүнүн короосунан 150 миң сомго бааланган жылкысын уурдап кетишкенин билдирген. Андан сырткары ноябрь айында РИИБге 8 адам кайрылып, жалпы суммасы 110 миң сомдон ашуун каражатка бааланган мал, телефон, зер буюм жана накталай акчаларын уурдатып жиберишкенин билдиришкен. Аталган фактылар Сузак РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сузак РИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда соттолгон 3 адам кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүүлөр:

- Сузак районунун 1979-жылы туулган тургуну К.Э. Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 164-беренеси (Уурдоо) жана 167-беренеси (Тоноо) менен соттолгон;

- Сузак районунун 1994-жылы туулган тургуну Б.Ч. Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 164-беренеси (Уурдоо), 165-беренеси (Мал уурдоо), 168-беренеси (Каракчылык) менен соттолгон;

- Кара-Суу районунун 1991-жылы туулган тургуну С.М. Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 168-беренеси (Каракчылык) менен соттолгон.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги териштирилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×