Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуНоокен району 27.12.2019 11:28

Ноокендеги айылда малдын тоюту жана сарай өрттөндү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ноокен районунун Рахманжанов айылында малдын тоюту өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Уразматов көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен жыгач устундуу шифер жабылган 2 кабаттуу сарайдын 55 чарчы метр чатыры, 350 түк чөп жана 100 боо пахта сабагы күйүп кетти. Өрт электр зымдарынын чыңалуусунан улам чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×