Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 27.12.2019 10:32

Таш-Көмүрдүн милициясына 3 унаа белек кылышты. Сүрөт

Turmush -  Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына жана Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдык мааракесине карата Таш-Көмүр ШИИБге «Daewoo Nexia» үлгүсүндөгү 3 унаа демөөрчүлөр тарабынан белекке берилди. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жергиликтүү «Ийгилик Кей Джи» ЖЧКнын жетекчиси Ли Минян темир тулпарларды тапшырып жатып, милиция кызматкерлеринин учурда жүргүзүп жаткан иштерине оң баасын берип, алдыда дагы кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Унааларды тапшыруу аземине ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов, мэр Рахман Асаналиев катышып, ШИИБдин бул жылы аткарган жумуштарын алкоого алышты.

Буга чейин демөөрчүлөр тарабынан Таш-Көмүр ШИИБдин имараты толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн жана атуулдарды кабыл алуу бөлмөсү дагы бүткөрүлгөн.

Жогорудагы иштердин негизинде жана коомдук коопсуздукту сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өз салымын кошкондугу үчүн Таш-Көмүр ШИИБдин башчысы, милициянын подполковниги Азенбек Козукеевге «Кыргыз милициясына 95 жыл» мааракелик медалы тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×