Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуНоокен району 26.12.2019 21:31

Кочкор-Атада баштыкка салынган ымыркайдын жансыз денеси табылды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кочкор-Атада жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 26-декабрда болжол менен саат 17:30 чамасында Кочкор-Ата шаарынын автобекетинин жанынан жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси целлофан баштыкка салынган абалда табылган.

Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×