Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 24.12.2019 17:24

Чаткал райондук архив мекемесинин абалы жакшырды (сүрөт)

Turmush -  Чаткал райондук мамлекеттик архив мекемесинин иштөө шарттары быйыл мурдагыдан бир топ жакшырды. Бул тууралуу райондук архив мекемесинин башчысы Муратбек Досматов билдирди.

Маалым болгондой, мекеменин имараты буга чейин от жагуучу темир меш менен жылытылып, архив кызматкерлери кышкысын бир гана бөлмөдө иштөөгө аргасыз болуп келишкен. Былтыр мекемеге жылытуу тутуму орнотулуп, бардык бөлмөлөр талаптагыдай жылууланган. Ал эми, буга чейин мекемедеги архивдик документтердин көпчүлүгү полдо турчу. Быйыл райондук жана облустук жетекчиликтин каржылык жардамы менен темир стеллаждар жасалып орнотулду.

«Ошондой эле, быйыл имаратка өрткө каршы шаймандар коюлду. Мекеменин сыртына өзүнчө чакан отункана курулуп, ал жерге көмүр жана отундар киргизилди. Мындан сырткары, мекеменин жалпы коопсуздугу үчүн видеокөзөмөл камералары орнотулуп, бул иштер облустук жетекчилик тарабынан каржыланды. Райондук архивдин абалын жакшыртуу боюнча кайрылуубузду туура кабыл алып, жардам берген райондук жана облустук жетекчиликтерге ыраазыбыз. Учурда мекеменин ички жасалгаларын жаңылоодобуз», - деди Муратбек Досматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×