Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 24.12.2019 16:51 На русском

Чек ара көйгөйүнөн чарчаган чоң-сайлыктар эмнеге нааразы? Видео

Turmush -  Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл аймагынын Чоң-Сай айылындагы коңшу Өзбекстан менен чектешкен талаштуу жердин такталбай жатканы тургундарды түйшүккө салууда. Анткени мал чарбачылыгы менен күн кечирген айылдыктардын мал-жандыктары такталбаган аймакка кокустан өтүп кетип, андан улам пикир келишпестиктер жаралып келет.

Ар дайым кооптонуп жашаганын айтышкан элеттиктер талаштуу делген аймакта Өзбекстан тарап курулуш жүргүзүп жатканына нааразы экенин билдиришип, бийлик өкүлдөрүнөн ушул жагдай боюнча иш алып барууну жана элге так маалымат берүүнү талап кылышууда. Окуянын чоо-жайын аймактык кабарчы териштирди.

Ушул жылдын 8-декабрында Ала-Бука районунан 125 чакырым алыс жайгашкан Көк-Таш айыл аймагынын Чоң-Сай айылына жакын жерге чейин өзбек чек арачылары кирип келгени тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Андан формачан жарандар Кыргызстан тарапка адашып кирип алышканын айтып жатканын, калктын нааразычылыктарын көрүүгө болот. Чек ара кызматы Өзбекстандын чек арачылары менен кыргызстандыктардын ортосунда пикир келишпестик болбогонун, чек арачылар кыргызстандык жарандын өтүп кеткен малын кайтаруу үчүн келишкенин билдиришкен.

Ал эми жергиликтүүлөр болсо буга чейин Чек ара кызматы берген маалымат чындыкка жатпай турганын айтып, өз нааразычылыктарын ортого салышты. Окуя болгон жерге жетип барган жергиликтүү тургун Сейдакмат уулу Сабр: «Биз мал жайып жүргөнбүз, анан эле койчубузду коңшу өлкөнүн 5 аскери коркутушуптур. Ал качып келип, айылдагыларга байланышыптыр. Аскерлер «адашып калдык, жамандыгыбыз жок» дешти, бирок аларга өтүп калсаң жөн коюшпайт болчу. Алар болсо такталбаган аймакта бейкапар жүрүшүп, айылга жакын жерге чейин эле түшүп келишкен. Экинчи күнү келебиз дешкен, эртеси биздин чек арачылар менен сүйлөштү окшойт. 2010-жылдан бери эле улам чек ара биз тарапка жакындап келе жатат. Коңшу тарап такталбаган аймакка жол куруп жатыптыр, техникалары иштеп жатканын көргөндөр айтып жатышат. Спутник аркылуу да карасаңыздар техникалары талаштуу аймакта турганын көрүүгө болот», - деди.

Өзбек чек арачылары айылга кирип келген күнү Чоң-Сай айылынын дагы бир жашоочусу Гүлгакы Эгемованын 9-класстагы баласы да мал кайтарып жүргөн. Уулу жанындагы шериги менен байланышып, аскерлер келип калганы боюнча кабар берген.

«9-класста окуган балам мал багып жүргөн. Мага башка баланын телефону менен чалып, "апа, өзбек чек арачылары келип калды" деп айтты. Уулум үйгө келгенче эмне гана ойлор келген жок. Буга чейин кошунабыз чек ара чырынан улам ок жеп, майып болуп калган. Бир нече жыл мурда коңшу өлкөнүн аскерлери короомо чейин кирип келгенде балдарымды жетелеп, чек ара тозотуна качып баргам. Балам талаага чыкканда тынымсыз байланыша баштайм. Бир аз жооп бербей калса, ар кандай ойлор келет. Ушундай абалдагы жашоодо эл, өзгөчө энелер азап тартып жатат. Чек арачылар кантип адашып калышы мүмкүн? Бул жалган...», - деди ал.

Болотбек Каримов 2010-жылдан бери бийлик элди соороткондон башка чара көрбөй жатканына нааразы.

«Тогуз жылдан бери бийлик элди "сабыр кылгыла" деп эле келе жатат. Карапайым калктын да сабыры түгөндү, ачууланып калышты. Кырдагы чек ара айылга жакындап эле келе жатат. Бийлик ушул көйгөйдү чечсе, эл да кыйналбай калат эле», - деди ал.

Элеттиктер Чоң-Сай айылынын Ак-Курча участкасындагы талаштуу аймакты Кыргызстандын жери катары эсептешет. Анткени Көк-Таш аймагында 19 миң 200 гектарды түзгөн шарттуу аймакта ата-бабалар жашаган. Чокуларга курулган үйлөрдүн ордун көрүүгө болот. Айылдыктар 2010-жылга чейин талаштуу аймактагы айдоого ылайыкташылган жерди пайдаланып келишкен болчу.

Айыл тургуну Жаныш Умаров бул жагдайлар боюнча түшүндүрүп жатып: «Талаштуу деп айтылып жаткан 19 200 гектар жерди биздин ата-бабаларыбыз жердеп келишкен. Сай жээктерине эгин эгип, мал жайып эле келгенбиз. 2010-жылдан кийин пайдаланылбай, бактарыбыз калды. Ошол жылы айылдашыбыз Бакытты өзбек чек арачылары атып, экөөнү алып кетишкен. Айылдашыбыз Бакыт майып болуп калды. Ошондон кийин эл да ошол тактала элек аймакка өткөндөн коркуп калды», - деди.

Көк-Таш айыл аймагы Өзбекстандын Чуст, Пап райондору менен чектешет. Аталган айыл аймактын башчысы Ильяз Рысдавлетов такталбаган жер тилкеге өзбек тарап техникасын алып киргендиги боюнча тийиштүү тараптарга маалымат бергенин айтты.

«Талаштуу жердеги Шамал-Бел участкасына коңшу өлкөнүн техникасы келиптир. Ал жерде өзбек чек арачылары убактылуу жайгашкан жайына шарт түзүү үчүн келишкенби, бизге белгисиз. Жол куруп жатат дегенден алысмын, биз ал жакты даана көрө албайбыз. Тийиштүү тараптарга маалымат бергем. Такталышы керек болгон жер боюнча айта турган болсом, СССР убагында жайытка пайдалануу үчүн берилген экен. Бирок өзбек тараптын кабыл алдык, пайдаланабыз деген актыларын көргөн жокмун. Кийинки жылы Ак-Курчадагы 6700 гектар жерди жайыт катары пайдаланууга аракет жасап жатабыз, калганы мамлекеттик деңгээлде чечилет. Чек ара боюнча калкка түшүндүрүү иштери жүрүп жатат», - деди ал.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов талаштуу аймактар такталып, зым тартылып бүтмөйүнчө түшүнбөстүктөрдү токтотуу кыйын деген пикирде.

«8-декабрдагы окуяда негизи өзбек чек арачылары аларга өтүп кеткен мал-жандыкты кайтаруу үчүн келишкен экен. Себеби Кыргызстан, Өзбекстан чек ара кызматы өз ара сүйлөшүү жүргүзүп, коңшу өлкөгө өтүп кеткен мал жандыктарды айдап чыгарып берүү боюнча өз ара сүйлөшүүгө келишкен экен. Буга чейин Аксыда 3 жолу коңшу өлкөгө кирип кеткен мал-жандыктарды айдап чыгып беришкен. Ошол себептүү Көк-Таштагы чек арачылар Чоң-Сайга чейин келишкен экен. Бул боюнча элге түшүндүрүү иштери жүрдү. Чек ара такталып, зым тартылып бүтмөйүнчө түшүнбөстүктөр эки тараптан тең боло берет. Ага карабастан жергиликтүү бийлик элге жагдайды түшүндүрүп жатабыз. Ала-Букада тактала элек 4 участок бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×