Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Жалал-Абад облусуНоокен району 24.12.2019 15:25

Ноокендик окуучуларга кылмыш жоопкерчилиги түшүндүрүлдү

Ноокенский район
Ноокенский район

Turmush -  Ноокен районунда прокуратура кызматкерлери окуучуларга кылмыш жоопкерчилиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү, деди райондун прокурорунун жардамчысы Адилет Карыпбек уулу.

Маалым болгондой, өспүрүмдөр арасында мыйзамсыз көрүнүштөрдүн жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында «Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук жана анын жоопкерчилиги» деген темада жыйын өтүп, жоопкерчилик тууралуу атайын даярдалган видеотасмалар, сүрөттөр көрсөтүлдү.

Иш-чарада окуучуларга КРнын мыйзамдарына ылайык өспүрүмдөр кылмыш жоопкерчилигине канча жаштан баштап тартылары жана балдар кылмыштуулукка барган учурда ата-энелерге карата КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 61-беренесинин негизинде айыптар салынары түшүндүрүлдү. Бүгүнкү күнгө чейин 5 ата-энеге протоколдор түзүлүп, айыптар салына башталганы маалымдалды.

Окуучуларды кыз ала качуунун, эрте турмушка чыгуунун кесепеттери, жол кырсыктар тууралуу терс көрүнүштөр кызыктырып, эркин баарлашуулар болду.

«Өткөн жылы окуучулар арасында 6 кылмыш катталса, быйыл 5 кылмыш, 5 жорук иштери катталган. Алардын ичинен 6 иш тараптардын жарашуусу боюнча Жазык процессуалдык кодексинин негизинде өндүрүштөн кыскартылып, 4 кылмыш иши сотко кароого жөнөтүлгөн. Катталган кылмыш иштердин ичинен өзгөчө оор кылмыштар, сот тарабынан камакка алынгандар жок. Мындан тышкары өткөн жылы өспүрүмдөр арасында өз жанын кыюу боюнча 2 факт катталса, быйыл мындай факт катталган эмес», - деди Адилет Карыпбек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×