Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуСузак району 23.12.2019 13:56

Сузактын тоолуу айылдарында эки күндөн бери электр жарыгы жок

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тоолуу айылдарында эки күндөн бери электр жарыгы жок. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, Ачы, Ак-Баш, Жаңы-Ачы жана башка айылдарда 21-декабрь кар жаап, электр жарыгы өчкөн. Азыркыга чейин жарык бериле элек. Жаңы-Ачы айылындагы бала бакчага балдар барган эмес.

Аким Эрмекбай Омошевдин айтымында, райондогу айылдардын 70 пайызында электр жарыгы өчкөн.

«Айрым айылдарда 22-декабрда электр энергиясы өчүп, кайра жанды. Учурда райондо 17 трансформатор иштей элек. Учурда электр кызматкерлери иштеп жатышат», - деди аким.

«Жалал-Абад электр» ААКтын басма сөз кызматынан кардын калың жаагандыгына байланыштуу 22-декабрга караган түнү 15 фидерде электр жарыгы үзгүлтүккө учураганын маалымдашты.

«Жалпы 35 топ жогорку чыңалуудагы бардык аба чубалгыларды оңдоп, электр жарыгын беришти. Учурда Көк-Арт өрөөнүнүн тоолуу айылдарынын айрым үйлөрүндө электр энергиясы жок, бүгүн кечке чейин жарык берилет. Учурда ал жерде 8 бригадалык топ иштеп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Электр энергиясы Базар-Коргон районунун борбордук бөлүгүндө, Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунда жана Сузак районунун тоолуу аймактарында өчкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×