Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Жалал-Абад облусуНоокен району 20.12.2019 15:07

Өкмөт башчы Ноокен жана Базар-Коргондо спорт объекттерин ачты

Turmush -  Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында бүгүн, 20-декабрда Ноокен районундагы спорт сарайдын жана Базар-Коргон районундагы спорт комплекстин ачылышына катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Ноокен районунун Масы айыл аймагында бардык талаптарга жооп берген спорт сарай салынган.

Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, бул объекттин курулушу үчүн 71 миллион 170 миң сомго тендер жарыяланып, «Масы айыл курулуш» жабык акционердик коому 63 миллион 700 миң сомго утуп алган. Курулуш иши 2009-жылы башталган, бирок ортодон эки жыл курулуш иши топтоп калган. Бул жайда спортчулар үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн.

Мындан тышкары, Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылында спорт комплекс пайдаланууга берилди. Анын курулушуна 24 миллион сом жумшалган. Эки объект тең республикалык бюджеттен каржыланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×