Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуСузак району 20.12.2019 08:54

Сузакта электриктер үчүн эки имарат пайдаланууга берилди. Сүрөт

Turmush -  Сузак районуна караштуу Барпы жана Кара-Дарыя айыл аймактарында 19-декабрда Сузак райондук электр тармактар ишканасынын бөлүмдөрү ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ачылышка «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКтын төрагасынын биринчи орун басары Абдылда Исраилов, өкмөттүн Жалал-Абда облусундагы өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов жана Сузак районунун акими Эрмек Омошев, «Жалал-Абад электр» ААКтын башкы директору Дурусбек Рахманов, аталган мекеменин кызматкерлери, айыл тургундары катышты.

Алгач жетекчилер 3 млн 200 миң сомго курулган Барпы электр тармактар бөлүмүнүн имаратын көрүштү. Буга чейин 19 кызматкер авариялык абалдагы имаратта иштеп келген. Жаңы имараттын курулушу 2018-жылы башталган. Ал үчүн тендер жарыяланып, андан «Кен-Тимур» жоопкерчилиги чектелген коому 3 млн 200 миң сом утуп алып, курулуш иштерин жүргүздү.

«Буга чейинки эски имараттагы эки бөлмөдө 19 кызматкер иштечүбүз. Жамгыр жааган күндөрү шыптан тамчы тамып, кыйынчылыктар жаралчу. Жаңы имаратта жакшы шарттар каралыптыр, кызматкерлер үчүн жуунучу, кийим алмаштыруучу, унаа жуучу жайлар эске алынган. Негизгиси бизге жаңы техника берилди, буга чейин колдонуп келген унаабыздын да эскилиги жеткен эле», - деди Барпы участкалык электр тармактар бөлүмүнүн жетекчиси Семетей Каратаев.

Ал эми Абдылда Исраилов электр тармактарында иштеген кызматкерлерге шарт түзүлүп жатканын кошумчалады.

«Жыл санап электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны артып бара жатат, бул биздин кесиптин ээлерине чоң милдеттеме жүктөлүп жатат дегенди туюндурат. Демек, биз калкты үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыздаган кызматкерлерибизге шарт жаратып берүүнү да биринчи орунга коюшубуз керек. Бүгүн Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүндө жайгашкан жаңы имаратты ачып, колдонууга берип жатабыз. Эми калкты тейлөөнүн сапаты мындан да көтөрүлөт деген ишеничтебиз», - деди ал.

Ушундай эле имарат Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүндө жана Сузак районунун Кара-Дарыя айыл өкмөтүндө курулуп, колдонууга берилди. Бул бөлүмдүн тейлөөсүндө 10 кВт чыңалуудагы 117, 5 чакырым аба чубалгысы, 0,4 кВт чыңалуудагы 137, 8 чакырым аба чубалгысы, ошондой эле 84 даана комплекстүү трансформатордук пункт (КТП), аны менен катар 10 кВт чыңалуудагы 6 фидер жана 0,4 кВт чыңалуудагы 109 фидер бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×