Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 19.12.2019 18:11

Кызыл-Үңкүр токой чарбасына директор болуп дайындалган К.Чойтоев бир жумадан соң кызматтан кетти

Turmush -  Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр токой чарбасына жаңыдан дайындалган жетекчи Каныбек Чойтоев өз арызы менен жумуштан кетти. Бул тууралуу ишенимдүү булактар билдирди.

Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка агенттиктин жетекчиси кол койгон. Анын ордуна Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын токой ресурстары бөлүмүнүн башчысы Людмилла Абдразакова милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Буга чейин Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын жетекчиси болуп дайындалган Каныбек Чойтоевдин бул кызматка келишине каршы болгон айылдаштары, жердештери аны ишканага киргизбей коюшкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×