Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуСузак району 03.01.2020 22:16

Кайын сиңди менен жеңенин урушунан кийин пайда болгон айылдын тарыхы

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 46 жаштагы тургуну Зейнеп Жороева кичи мекени болгон Сузак районунун Кыз-Көл айылынын аталышынын келип чыгышы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, айылдын кулуну Мухтар Борбугулов өзүнүн китебинде айылдын тарыхы тууралуу жазган.

«Бул болгон окуя экени айтылып жүрөт. Бир жетим кыз болгон экен. Ал бир тууган агасы менен жеңесинин колунда өсүптүр. Жеңеси кайын сиңдисин ээрчитип, төркүнүнө конокко барат. Кайра үйүнө келе жатканда экөөнүн ортосунда пикир келишпестик орун алып, кызды жеңеси «сен жетимсиң» деп кемсинтет. Кыз анын сөзүнө капа болот. Жеңеси: «сен жетимсиң, жетимдин колунда эч нерсе жок. Жада калса үстүңдөгү көйнөгүң да меники» деп кыздын намысына тиет. Ошондо алар биздин айылдын кире бериш жерине келип калган болот. Ал жер азыр Ал-Көйнөк деп аталат. Ошол жерде кыз жеңесинин айткан сөздөрүнө намыстанып, көйнөгүн чечип, «ал көйнөгүңдү» деп ыргытып, жылаңач бойдон айылды аралап качып жөнөйт. Намыстанган кыз андан ары көлгө түшүп кетип, ошол жерде каза болгон дешет. Ошол себептен айыл Кыз-Көл деп аталып калган экен.

Ал эми жеңеси кыздын убалына калып, тоону ашып баргандан кийин катып калган экен. Апам айылдын четинде эки бутун кучактап отурган адамдын элесиндей таш бар деп айтып калчу. Аны «келин таш» деп атап коюшчу. Баягы кайын сиңдисинин каргышына калган келин, «эми мен үйгө кантип барам, эмне деп айтам, кыз болсо көлгө түшүп кетти» деп тизесин бүгүп, кейип отурган бойдон таш болуп катып калган экен», - деди З.Жороева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×