Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
15.12.2019 23:06 На русском

Кара-Балтада 86 жаштагы аксакал көп кабаттуу үйдөн кулап түшүп каза тапты

// Turmush

Turmush -  Бүгүн, 15-декабрда Кара-Балта шаарындагы үйдүн 4-кабатынан 86 жаштагы адам кулап түшүп каза болду.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсык саат 14:00 чамасында болгон. Анын денеси үйдүн алдындагы терезенин түбүнөн табылды. Келген дарыгерлер анын каза болгонун тастыкташкандан кийин аны милиция кызматкерлери алып кетишти. Ал 1933-жылы туулган А.Ж. экендиги такталды. Ал угуусу боюнча майып болгон жана батирде 18 жаштагы небереси жашачу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×