Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Нарын облусуАк-Талаа району 14.12.2019 11:14

Спортчу Калмира Билимбек кызы 16 жашында «Кыргыз Республикасынын спорт чебери» наамын алды

Калмира
Калмира

Turmush -  Эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасында эл аралык ири мелдештерде ийгилик жаратып келе жаткан балбан кыз Калмира Билимбекова 16 жашында «Кыргыз Республикасынын спорт чебери» наамын алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ак-Талаа районунда чоңойгон балбан кыз эркин күрөш боюнча 5 жашынан бери машыгып келе жатат. Ал бир топ эл аралык мелдештерге катышып, алдыңкы орундарды ээлеген.

Ийгиликтери:

- 2019-жылдын 7-8-декабрь күндөрү Россиянын Иркутск облусунда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль;

- 2019-жылдын август айында Болгария өлкөсүндө өткөн мелдеште күмүш медаль;

- 2019-жылдын 14-апрель күнү Түркиядагы эл аралык мелдеште коло медаль;

- 2018-жылдын декабрь айында Казакстанда өткөн мелдеште күмүш медаль;

- 2018-жылдын октябрь айында Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль;

- 2018-жылдын март айында Белоруссияда өткөн эл аралык мелдеште күмүш медаль;

- 2017-жылдын ноябрь айында Казакстанда өткөн Азия биринчилигинде алтын медаль.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×