Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 15.12.2019 08:08

Мекендештер: 17 жаштагы Алина Америкада окуп, бийлеп, башкаларга комуз черткенди да үйрөтүүдө (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун 1-Май айылында чоңойгон 17 жаштагы Алина Шабинова Американын Индиана штатында билим алып жатат. Аймактык кабарчы мекендештен кабар алды.

Анын айтымында, учурда Түштүк Адамс жогорку класстар мектебинде окуп жатат.

«Атам Дияз дыйканчылык чарбасы менен алектенет. Апам Мээрим тигүүчү. Өзүм чоң эненин тарбиясы менен чоңойгон кызмын. Баарыбыздын кубанычыбыз болгон Оңол чоң апама ар дайым рахматымды айтып келем. Апамдын айтуусу боюнча кичинемден эле окууга дилгир болгон экенмин. 2009-жылы айылыбыздагы Т.Чолушев атындагы орто мектептин босогосун аттагам. Чет тилге кызыгуум артып, англис тили багытында көп сынактарга катышып, алдыңкы орундарга ээ болгом. География, орус тили, кыргыз тили боюнча мектептер аралык олимпиадаларга барып жүрчүмүн.

Мен бул жакка ушул жылдын 8-августунда келгем. Эң сонун күндөрдү өткөрүп жаткан учурум. Англис тилчи мугалим эжекем Элида мага Америкага келип калышыма чоң салым кошкон. Ал адамдан көп нерсени үйрөнүп алдым десем болот. Индиана штатында Рейнольддордун үй-бүлөсү менен турам. Мен келген программа Кыргызстандын студенттерине 1 жыл Америкада акысыз окуу мүмкүнчүлүгүн берет. Жаңы келгенде убакыттын өзгөрүүсүнө көнө албай жүрдүм. Кыргызстан менен убакыт айырмасы 11 саат. Күн менен түндү алмаштыргандай болдум. Экинчиден тилден кыйналдым. Кээ бирлери өтө тез сүйлөшөт. Мен түшүнө албай калчумун. Азыр бардыгы түшүнүктүү болуп калды.

Кыргызстан менен Американын өзгөчөлүктөрү абдан көп. Эң негизгиси бул өлкөдө эркиндикти аябай баалашат. Мектептин айырмасы Америкада окуучулар класстан класска көчүп окушат жана ар кимдин өздүк текчелери бар. Сабакты компьютер менен өтүп, барак, китептерди көп колдонбойбуз. Менин сүйүктүү сабагым — хор. Хордо окуучулар жогорку деңгээлде ырдашат. Убагында чоң атам Шабин макалдаштырып сүйлөгөн, ыр жазып китеп чыгарган киши болгон экен. Чоң атамдын таланты мага келсе керек деп ойлойм. Мен дагы ыр жазып, акындык талантымды бул жактагыларга көрсөтүп келе жатам. Ошондой эле окуучуларга комуз боюнча сабак берем. Алар күүнү суктануу менен угуп кызыгышат. Мени таң калтырганы бардык окуучулар ноталарды так окушат жана таланттуу. Спорттук мелдештер аябай маанилүү. Мен черлидингге (спорттук команданы колдоп бийлеген кыздар) катышып жатам. Учурда баскетбол оюнунда колдоп бийлейбиз. Бул АКШдагы өзгөчөлүктөрдүн бири. Менин сүйүктүү спортум — америкалык футбол. Биринчи жолу көргөндө түшүнбөй кыйналгам. Бирок досторумдун жардамы менен баарын түшүнүп, кийинчерээк футболчударды колдоочу черлидинг командасына кошулдум.

Хеллоуин — Американын салттуу майрамы. Биз ар түрдүү коркунучтуу, күлкүлүү костюмдарды кийип оюнга катыштык. Бул оюнда коңшулардын эшигин кагып, таттууларды алдык. Бул оюнду мен өзүбүздүн жарамазаныбызга окшоштурдум. Андан кийин ашкабактарды кооздоп майрамдадык. Бир канча шаарларына саякаттап келдик. Менин эң кызыктуу саякатым Чикаго шаарында болду. Асман тиреген имараттар, Филд музейи эң сонун көз ирмемдерди калтырды. Жакында Флоридага саякатка чыгабыз.

Үйдөгүлөрдү абдан сагындым. Канчалык сенин көзүңдү карап сага шарт түзүп берип жатса да өз ата-энеңдин мээримине жетпейт. Бул жакта ар өлкөдөн келген досторум көп. Баарыбыз дос болуп калдык. Ар кимибиз өзүбүздүн өлкөлөрүбүздүн өзгөчөлүктөрүн айтып беребиз. Мен жашап жаткан үй-бүлөм Кыргызстанды көрүүгө суктанышат. Убакыт келсе Кыргызстанга алып келип, кооз жерлерин көрсөтөм деген ниетим бар», - деди Алина.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×