Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Ош облусу, Ош 15.12.2019 01:00 На русском

«1 гана кой союлсун»: Жапалакта той-аштардагы ысырапкорчулукту азайтуу демилгеленип жатат

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында ысырапкорчулукту жоюу максатында жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жыйында маркумду акыркы сапарга узатууда мал союу, кийит кийгизүүгө чектөө киргизүү үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын башчысы Жаныбек Пазылов, аксакалдар сотунун, аялдар кеңешинин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Убайдулла ажы ысырапкерчиликти жоюу боюнча Ош шаарынын аймагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

«Айыл тургундары менен бирге маркумду акыркы сапарга узатууда 3 күнгө чейин казан асылбасын, алыстан келген конокторду коңшу-колоңдору тамак-аш менен 3 күнгө чейин камсыздасын деген сунуштарды талкууладык. Ошону менен катар бодо мал сойбой, мүмкүнчүлүккө жараша 1 гана кой союуга уруксат берели деп түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Тургундар демилгени колдошту», - деди ал.

Жапалак айылынын тургуну Санжар Эшмановдун айтымында, айрым айылдарда маркумдун кыркылыгын, ашын өткөрүү тыйыла баштады.

«Жапалак аймактык башкармалыгында 13 айыл бар. Азыр 4 айылда кыркылык өткөрүү токтоду. Чындыгында соңку учурда адам каза болгон үйдө аза күтпөй эле, элди кантип узатабыз деп ойлонуп калышкан. Эми алыстан келген гана конокторго чай берилип, жакын жерден келгендер куран окуп эле кетмей болуш жатышат. Бул айыл эли үчүн жакшы демилге», - деди Эшманов.

Жапалак айыл өкмөтүнүн башчысы Жаныбек Пазыловдун айтымында, эми маркумду акыркы сапарга узатуу учурунда ал үйгө аксакалдардан түзүлгөн топ барып көзөмөлдөшөт.

«Имамдардан, аксакалдар сотунан, айыл аксакалдарынан атайын комиссия түзүлдү. Маркумду акыркы сапарга узатууда 1 гана кой союлат. Ашыкча чыгымга жол берилбейт. Ысырапкорчулукту элди уяткаруу жолу менен токтотуу колго алынып жатат. Той-аштарга себет, кийим-кече (жыртыш) алынып келинбейт. Анын ордуна акчалай жардам берсе болот», - деди Пазылов.

Буга чейин Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында жаштардын, айыл имамдарынын демилгеси менен спирт ичимдигин сатууга тыйылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×