Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ош облусуНоокат району 13.12.2019 11:57 На русском

Ноокаттагы массалык мушташ: 50 адам сурак берип, 6 жигит камакка алынды. Видео

Turmush -  Ноокат районундагы массалык мушташка байланыштуу 50 адам сурак берип, 6 адам камакка алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, 11-декабрь күнү саат 17:00 чамасында Ноокат РИИБге Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жандама айылындагы көчөлөрдүн биринде белгисиз атчан адамдар бейбаштык кылып, жолдон өтүп бара жаткан унаалардын айнектерин талкалап, тургундардын денесине жаракат келтиришкени боюнча маалымат келип түшкөн. Жаңы-Ноокат айылдык милиция бөлүмчөсүнүн өздүк курамы жана Ноокат РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, атчандарды таратып, тургундардан түшкөн арыздарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) негизинде каттап, тергөө иштери башталган.

Ошондой эле жаңжалдын себеби такталып, окуяга катышы бар жана күбө катары жалпы 50гө жакын адам суракка чакырылып, 6 адам Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Алар: 2000-жылы туулган М.М., 1997-жылы туулган М.Д., 1996-жылы туулган С.М., 1995-жылы туулган М.С., С. уулу А. жана З.А. Алардын баш коргоо чарасы 48 сааттын ичинде каралат.

Видео Ош ОИИБ тарабынан берилди

Окуя боюнча милицияга жалпы 5 арыз келип түшкөн. Арыз ээлери унаасы талкаланып материалдык зыян тартышканын жана денесинен жаракат алышканын айтып кайрылышкан. Урушкан балдар бир улуттун өкүлдөрү. Учурда тергөө иштери уланууда.

Turmush басылмасы кечээ,12-декабрда социалдык тармактарга Ноокат районунда атчан жигиттер унаанын айнектерин талкалаган видео тараганын жазган. Окуя Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө болгонун аталган айыл өкмөттүн башчысы Нодирбек Рузалиев тастыктаган.

Толук маалымат жана видео бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×