Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 11.12.2019 18:43

Тогуз-Тородо окуучулардын топтошуп мушташуусун алдын алуу иши күчөтүлдү

Turmush -  Тогуз-Торо районунун аймагында жаш өспүрүмдөр арасында топтошуп мушташуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында №2 А.Абдраимов атындагы орто мектебинде тегерек стол өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ага райондун акими А.Кожошов, РИИБдин башчысы Т.Сабырканов, райондук соттун судьясы А.Төлөнбаев, прокурордун жардамчысы Д.Асанов, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев, мектеп мугалимдери, ата-энелер жана окуучулар катышты. Тегерек столдо учурдун көйгөйлүү маселелери талкууга алынды.

Милиция кызматкерлери тарабынан окуучуларга эрте турмушка чыгуу, тамеки тартуу, спирт ичимдиктеринин зыяндуулугу тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле, ата-энелер мектептен сырткары өз балдарын ар дайым көзөмөлгө алуу керектиги айтылып, алардын туура жолго түшүүсүнө өбөлгө түзүү керектиги белгиленди. Мындан сырткары окуучуларды мыкты билим алып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошуп, ар кандай кырсык, кылмыштардан алыс болууга үндөштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×