Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 10.12.2019 10:12

Тогуз-Тородо мештин айынан үй өрттөндү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл аймагында үй өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Кара-Булуң тилкеси болгон. Анын кесепетинен үйдүн 27 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Өрт мешти пайдаланууда коопсуздук эрежесинин бузулушунан улам чыккан.

Сузак районунун Таш-Булак айылындагы сарайдын чатыры толугу менен күйүп кетти. Учурда бул кырсыктын себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×