Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Жалал-Абад облусуСузак району 09.12.2019 17:58

Сузакта сарай жана 500 түк чөп күйүп кетти. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мал сарай өрттөнүп, чатырында жыйылып турган 500 түк чөп күйүп кетти, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, өрт 9-декабрда саат 06:00 чамасында чыккан.

«Бизге саат 06:25 чамасында Сузактын Таш-Булак айыл аймагындагы Махмудов көчөсүнөн чакыруу түштү. Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 өрт өчүрүү бригадасы тартылды. Кызматкерлер барган учурда турак үйдүн жанындагы мал сарайдын чатыры өрттөнүп жаткан экен. Анын жалпы аянты 125 чарчы метрди түзгөн. Аны менен бирге жыйылып турган 500 түк чөп күйүп кеткен.

Өрттү саат 08:30да толугу менен өчүрдүк, учурда өрттүн себеби жана келтирилген чыгым такталып жатат», - деди ӨКМдин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын өрт өчүрүү, алдын алуу жана авариялык куткаруу бөлүмүнүн башчысы Русланбек Кааров.

Жыл башынан бери 483 тонна тоют чөп өрттөндү. Андан 182 млн сомдук чыгым болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×