Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Нарын облусуКочкор району 09.12.2019 14:31 На русском

1930-жылдары түрмөгө кесилгендер орган кызматкерлерин кантип алдашкан? Долондогу мөөрдүн баяны

Turmush -  Долон ашуусуна Кочкор тарабынан көтөрүлгөн кыя жол Шаркыратма кыясы же Биринчи Долон деп аталат. Ушул кыяда чоң зоокадан 300 метр бийиктиктен мөңгүнүн суусу шаркырап агып түшөт. Союз мезгилинде ошол жалама зооканын орто ченинде чай чынынын оозундагы көлөмдө темирге түшүрүлгөн тегерек «НКВД-СССР» деген жазуусу бар мөөр болгон экен.

Аймактык кабарчы ал мөөрдүн тарыхына кызыгып көрдү. Эл оозунда ал мөөр тууралуу төмөндөгүдөй кептер айтылат.

1930-жылдары Кочкор районундагы Үкөк, азыркы Исакеев айылынан Абдыке Карымшаков деген жашоочу соттолуп, түрмөгө жатат. Ошол жерде 30-40 жаштардагы улуту армян Арутунян деген жигит менен кошо жатыптыр. Ал кезде Ички иштер элдик комиссариатынын (НКВД-Народный комиссариат внутренних дел) түрмөсүнөн кутулуш азап болгон.

Арутунян шакылдап кыйын сүйлөгөн, колунан бардык иш келген, адамдар менен тез тил табышкан боорукер жигит экен. 60 жаштан ашкан кары-картаңдарды, жаш өспүрүмдөрдү колониядан көрүп, аларды бошотуунун жолун издейт. Анан «НКВД СССР ГУГСК 216 ТОН» деген айланта жазуусу бар тегерек мөөрдү колго оюп жасайт. Андан кийин жасалма документ менен жаштары элүү менен алтымыштын ортосундагы жети адамды түрмөдөн бошотуп жиберет. Кийин дагы 17-18 чамасындагы үч өспүрүмдү да «колониядан бошотулсун» деген жасалма документке аталган мөөрдү басып бошоттурат. Арутуняндын кылмышы билинип калып, эптеп качып кетет.

1931-1932-жылдары Долон ашуусундагы жол курула баштайт. Жолду курууга кылмыш жоопкерчилигине тартылып соттолгон 500гө жакын адам иштейт. Алардын арасында Абдыке Карымшаков да болгон. Ал мезгилде жардыруучу заттар жок болгондуктан урчуктуу чоң-чоң таштарды, аска-зоокаларды кол күчү менен чукулдук, лом, күрөк менен талкалап, сындырып жол салышкан. Жолчулар шаркыратма зоосун бузуп, талкалап жатышканда баягы качып кеткен Арутунян колго түшүп кармалат.

Түрмөчүлөр шаркыратма зоосун бузуп жаткан кезде чоң үңкүргө кабылышат. Үңкүрдөн жоондугу ноопастын (үч жашар бука) санындай ажыдаардын баласы сойлоп чыгып, жолду бөгөп жатып алат. Адамдар жакындаганда башын тик көтөрүп, кара тилин соймоңдотуп айбат кылат. Эч ким жакындай албай бир жарым күн жумуш токтоп калыптыр. Ошондо жогорку бийликтен «кимде-ким ажыдаарды тирүү кармап, автоунаага жүктөсө кылмыш жазасынан бошотулат» деген жарлык чыгат. Ошондо Абдыке Карымшаков беш жигитти ээрчитип чыгат. Ажыдаарды кармоонун айласын табат. Ал кыл аркандан ала баканга сыйыртмак жасайт. Ажыдаар башын көтөрүп, тостойгон көздөрүн чакчайтып, мойнун койкоңдотуп калганда сыйыртмакты ыргытышат. Мойнуна илингенде кыл арканды тартып муунтушат. Куйругу менен жер чапчып, акыры сулк жыгылат. Ажыдаардын денесин бүт кыл аркан менен чырмап, унаага салышат. Ошондо ажыдаар кармалган касиеттүү тумшукка Арутунянга чай чынынын оозундай чоңдуктагы «НКВД-СССР» деген жазуусу бар тегерек мөөрдү жасатып, зоонун бооруна оюп кадатышат.

1987-жылдары милициянын 70 жылдык мааракесине карата Ички иштер элдик комиссариатынын музейин уюштуруу комиссиясынын мүчөсү, «Бетме-бет» гезитинин редактору, милициянын полковниги Леонид Зеличенко Кочкорго келет. Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн ошол кездеги жетекчилери мөөрдү тегерете кесип чыгарып, Ички иштер элдик комиссариатынын музейине экспонат катары коюу үчүн Ички иштер элдик комиссариатынын музейин уюштуруу комиссиясынын мүчөсү Л.Зеличенкого өткөрүп беришет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×