Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
09.12.2019 14:13 Жаңыланды: 09.12.2019 18:27

Токойдогу камыштын тамырын жеп жан сактап: 75 жыл дайынсыз болгон таяке

Turmush -  Талас районунун Арал айылынын 92 жаштагы тургуну Жолдош кызы Байыз апа согушка кетип каза болгон таякеси Какы Мураталиевди азыркыга чейин унутпай келет. Аймактык кабарчы ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, таякесинен акыркы кат 1942-жылдын кышында келген.

«Апам 6 уулдун арасында чоңойгон жалгыз кыз болгон. Өзүнүн айылына эле келин болгондуктан биз таякелерибиз менен жакын болуп чоңойдук. 1939-жылы таякем Какы Мураталиев аскерге кеткен. Анан 1941-жылы согуш башталып кетип, Ленинград шаарын курчоодон сакташ үчүн согушка чакырылыптыр. Аскерге кетип жатканда «Байыз мага кат жазып кабар берип тур» деп айтып кетти эле. Айткандай эле таякем экөөбүз көп кат жазыштык. Мен айылдагы болгон нерсени, тылдагы күжүрмөн эмгекти жазып жиберчүмүн. Ал мага аябай ыраазы болуп, бир катында «согуш жеңиш менен аяктап, айылга барганымда сени окутуп билимдүү кылам» деп жазган экен. Билимге суусаган жаным таякемдин келишин эле күтүп жүрдүм. 1942-жылдын кыш айларында почточу кат берип кетти. Ачып окусам Какы таякемден экен. Ал катында «Бул жакта күн аябай суук. Курчоодо калдык, токойдогу камыштын тамырын тамак ордуна жеп жан сактап жатабыз. Буйруса өз жериме барганда сага бардыгын айтып берем. Бул жердин табияты абдан кооз экен» деп жазыптыр. Ошондон тарта байма-бай кат жазып турган таякемден эч дайын жок болду. Согуш бүткөнчө кат келип калар деп кат тараткан почточуну эле күтүп жүрдүм. Бирок эч дайын чыкпады. Өлгөнүн же тирүүсүн билбей жүрүп, 1945-жылы март айында апам каза болуп калды. Ошол күндөн тарта эле мойнума мончок ордуна таякемдин сүрөтүн тумар кылып алып жүрчүмүн. Кийин турмушка чыккан кезде жоготуп алып, ичим абдан ачышкан.

Андан соң ар кимибиз өз турмушубуз менен алышып, таякемден эч кабар албадык. Багыштап куран окуюн десем өлгөнү жөнүндө эч кабар албагандыктан ал нерсеге кыйбайт экенсиң. Арадан канча убакыт өтсө дагы бир күнү дайыны чыгып калчудай боло берчү. 2017-жылы үчүнчү кызым Рапа Санкт-Петербург шаарына эс алууга барып, ошол жердеги согушка катышкандардын тизмесинин ичинен таякемдин аты-жөнүн таап алыптыр. Ошол жактан кайсы жылы эмне болуп каза болгону жөнүндө кагаз алып келип берди. 77 жыл бою келер деп күтүп жүргөн таякем мага акыркы катын жазгандан көп узабай эле 22 жашында каза болгон экен. Эгер азыр тирүү болгондо 99 жашка толмок», - деди Байыз апа.

Менин апам: 91 жаштагы Байыз апанын жаштыгы азапта өтсө да азыр дөөлөттүү карылыкта өмүр сүрүүдө (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×