Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Ош облусуАлай району 09.12.2019 10:31 На русском

Токко урунуп каза болгон 22 жаштагы ефрейтор бүгүн жерге берилет. Сүрөт

Turmush -  Алай районунда токко урунган ефрейтор бүгүн, 9-декабрда акыркы сапарга узатылат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга маркумдун жакындары билдиришти.

Маркум Арзыбек Гүлчө айылынын 1997-жылы туулган тургуну, үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү болчу. Ал Т.Отунчиев атындагы мектеп-гимназиясын аяктаган. Келишимдик негизде Гүлчө айылындагы №92843 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан. Ал кечээ, 8-декабрда кечки саат 19:30 чамасында каза болду.

Буга чейин Turmush басылмасы Алай районунда токко урунган ефрейтордун денесинин 45 пайызы күйүп калганын жазган.

Аскер кызматкери 4-декабрда Алай аймактык ооруканасына оор абалда жеткирилген. Ал тактикалык машыгуудан кийин аскердик бөлүктөгү радиотелефонисттин жабдыгынын жогорку вольттуу электр өткөргүч зымынын жанынан өтүп бара жаткан учурда токко урунган.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан 22 жаштагы ефрейтордун абалы оор экенин айтышкан. 5-декабрда Алай аймактык ооруканасынан Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына көчүрүлгөн.

«Баракелде» басылмасы 5-декабрда Башкы штабдын башчысы Райимберди Дүйшенбиев түштүк аймакка болгон иш сапарынын жүрүшүндө 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жетекчилиги менен кызматтык жыйын өткөргөнүн жазды. Жыйындын жүрүшүндө Оштогу 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын командири, полковник Бердибек Асанов менен 92843-аскер бөлүгүнүн командири, подполковник Мелис Бошкоевди ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу чечим чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×