Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуСузак району 06.12.2019 15:21 Жаңыланды: 06.12.2019 18:39 На русском

«Уулум быйыл үйлөнмөк»: Россияда ок жеп каза болгон Качкындын атасы үн катты. Видео

Turmush -  Россиянын Екатеринбург шаарында кыргызстандык 27 жаштагы Качкын Тажиевге ок тийип каза болгон. Облустук полиция бул окуя баңгизатын мыйзамсыз сактоого байланыштуу колго түшүрүү операциясы учурунда болгонун маалымдаган.

Арадан бир аз убакыт өткөндөн кийин Качкындын сөөгү кичи мекени болгон Сузак районунун Жерге-Тал айылына алынып келип, акыркы сапарга узатылган. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маркумдун жакындарынан окуянын чоо-жайын сураштырды.

Качкындын атасы Каныбек Тажиевдин айтымында, уулу быйыл декабрь айында Кыргызстанга келип үйлөнмөк.

«Мен 2000-жылы Россиянын Екатеринбург шаарына иштегени барып, кийинчерээк жумуш жакшы болуп калганда үй-бүлөмдү кошо алып кеткем. 2006-жылы мен, андан кийин балдарым дагы Орусиянын жарандыгын алдык. Биз үй-бүлөбүз менен шаардын четиндеги айылда жашачубуз, ал эми уулум ресторанда иштеп жатып, ишине жакын жерден ижарага батирге чыккан болчу.

Окуя 24-ноябрга караган түнү болуптур. Ошол күнү дем алыш болгондуктан бейкапар үйдө отурсам, тааныштарым мага телефон чалып: «сени кечээтен бери издеп жатабыз, уулуң полицияга түшүп калыптыр» дешти. Ошентип полицияга барсак, мага көңүл айта башташты. Эмне болгонун түшүнбөй калдым. Биз барганда баламдын сөөгүн экспертизага жөнөтүшкөн экен. Полиция баламдын киндигинин ылдый жерине бир карыштай болуп кан уюп калганын жана бетинен жакын тартылган сүрөтүн көрсөттү. Ошентип өлүк сактоочу жайдан сөөктү алып, Кыргызстанга жолго чыгууга камындык. Уулум быйыл декабрь айында Кыргызстанга келип, сүйлөшүп жүргөн кызына үйлөнөм деп жаткан. Быйыл 17-декабрда 28 жашка чыкмак», - деди К.Тажиев.

Маркумдун жакындары анын өлүмүнө полиция кызматкерлери күнөөлүү болушу мүмкүн деп эсептешет. Бул боюнча бир топ күмөн жараткан суроолор жаралууда.

«Полициянын маалыматына караганда, окуя 24-ноябрда кечинде болуптур. Шаардын көчөлөрүнүн биринде токтоп турган, арткы терезелери караңгылатылган «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаанын арткы отургучунда уулумду мас абалда кармашыптыр. Унаадан баңгизат дагы табылыптыр. Качкынды суракка алышса ал баш ийбей, качып кетиптир. Аны кармап, наркологиялык диспансерге алып барабыз дешсе, полиция кызматкерине каршылык көрсөтүп, алардын биринин куралын тартып алыптыр. Менде бул боюнча бир топ суроолор жаралууда. Түн ичинде арткы терезеси караңгылатылган унаанын ичиндеги адамды алар кантип көрүштү? Эгер уулум мас абалда болсо, ал полициядан кантип качты? Наркологиялык диспансерге алып барабыз десе ал жалгыз кантип каршылык көрсөтмөк эле? Куралды өмүрүндө кармап көрбөгөн адам кантип полициянын куралын тартып алат? Наркологиялык диспансерге барган адамдардын кирип-чыкканы видеокамерага жазылып турат да, бирок алар видео байкоону көрсөтө албай жатат. Биз өлүк сактоочу жайга барганда оң жак бөйрөгүнүн ылдый жеринде жана жамбашынан 10 см кесилгенин көрдүк. Ал кайдан пайда болгону табышмактуу болууда. Эгер кылмышкер качып бара жатса полиция эскертүү иретинде асманга ок чыгарат. Эгер ага дагы моюн бербесе, качып бара жаткан адамдын бутуна атат. Мейли, эгер уулум чын эле качып бара жаткан болсо, эмне үчүн бутуна эмес, ичине атышкан? Ушул сыяктуу көптөгөн суроолор жоопсуз калууда.

Бүгүн уулумдун кырк күндүгүн өткөрүп, боз үйдү чечтик. Эми кайра Екатеринбургга барып, ушул суроолорго жооп издейм», - деди маркумдун атасы К.Тажиев.

Буга чейин россиялык «E1.Ru» басылмасы Екатеринбургдун полициясынын башчысына шилтеме берүү менен билдиргендей, окуя 24-ноябрда таңкы алты чамасында болгон. Качкынбек патрулдук кызматтын кызматкерлери тарабынан баңгизатын мыйзамсыз сактоого шектелип кармалган. Анын артынан кууган лейтенант Опалихинск көчөсүндөгү үйүнөн кармаган.

«Федералдык "Полиция жөнүндөгү" мыйзамдын негизинде полиция кызматкери абага эскертүү иретинде ок аткан. Бирок колго түшүрүлүп жаткан адам каршылык көрсөтүүнү улантып, андан улам экинчи жолу ок атылган», - деп айтылат маалыматта.

Качкын экинчи жолу атылган октон көз жумган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×