Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-январь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 06.12.2019 11:08

Базар-Коргондо эки айыл өкмөткө техникалар тапшырылды. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы эки айыл өкмөткө техникалар тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Базар-Коргон айыл аймагына таштанды ташуучу унаа жана Сейдигум айыл аймагына айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыздоо максатында экскаватор берилди. Техникалар облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен алынган. Аларды тапшырууга өкмөттүн облустагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, райондун акими Айбек Бегимкулов баштаган мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Буга чейин таштанды ташыган унаа эскирип, көйгөй жаралып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×