Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.12.2019 11:00

Жалал-Абад шаарында бастырма өрттөнүп, отундар күйүп кетти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы үйдүн короосунда өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык шаардын Моңгол көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен бастырманын 40 чарчы метр чатыры, 0,5 куб отун жана 10 түк саман күйүп кетти. Кырсык электр зымдарынын чыңалуусунан улам чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×