Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-январь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 06.12.2019 10:55

Кыргызстандык таэквондочулар Минсктеги дүйнөлүк кубокто жеңишке жетишти

Turmush -  Балыкчы шаарынын балдар спорт мектебинин таэквондочулары Белоруссиянын Минск шаарында өткөн дүйнөлүк кубокто жеңишке жетишти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Нурали Назарбаев 1-орунду ээлеп, алтын медалга, Жолдубай Бариков менен Элнара Бактыбекова 2-орунду ээлешип, күмүш медалга татышты. Ал эми Айжамал Бекболотова, Аамаль Туратбекова, Нурсулуу Азаматова 3-орунду алып, коло медалга ээ болушту.

Жеңүүчүлөрдү жана Ысык-Көл облустук таэквондо федерациясынын президентин, машыктыруучу Нурдин Каимовду Балыкчы шаарынын мэри Марат Кудайбергенов кабыл алып, ыраазычылык каттарды тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×