Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-январь
Ош облусуНоокат району 06.12.2019 10:47

Ноокатта пара менен кармалган инспектор айым үй камагына чыгарылды

Момент задержания
Момент задержания

Turmush -  Ноокат районунда 5 миң сом пара менен кармалган инспектор айым үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов билдирди.

Анын айтымында, Ноокат райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн старшинасы К.З.нын баш коргоо чарасы кечээ, 5-декабрда Ош шаардык сотунда каралган. Анын 2 жаш баласы бар. Аларды инспектор айым жалгыз тарбиялайт.

«Ош шаардык соту К.З.нын ден соолугунун начар экендигине байланыштуу Ош шаардык ооруканасынын кардиология бөлүмүнө жаткырылганын жана жашы жете элек эки баласын эске алып, үй камагына чыгарды», - деди Бекзат Осмонкулов.

Буга чейин Turmush басылмасы К.З. сурактан кийин ооруканага жеткирилгенин жазган.

3-декабрь күнү күч органдары тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын жыйынтыгында Ноокат райондук ЖКККБнын кызматкери, милициянын старшинасы З.К. 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

Анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаеванын айтымында, З.К. экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгында 10 саат сурак бергенден кийин абалы начарлап, оорукананын кардиология бөлүмүнө жеткирилген.

Окуя тууралуу:

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 30-ноябрда Ички иликтөө кызматына М.М. аттуу тургун кайрылып, ЖКККБнын кызматкерине чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, инспектор жол эрежесин бузгандыгы үчүн 2 миң сом пара алгандан кийин дагы 8 миң сом талап кылган. Жол тескөөчү М.М.нын паспортун алып, кайра бербей койгон. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×