Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 06.12.2019 08:22

Чаткалдыктар муктаж үй-бүлөгө үй куруп, мал-жандык чогултуп беришти. Сүрөт

Turmush -  Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айыл аймагынын Айгыр-Жал айылынын тургуну, 1-топтогу майып Өмүрзак Дөлөкеевге жергиликтүүлөр ашар жолу менен үй куруп беришти.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, турак жайды тапшыруу аземине акимдин орун басары Жуманалы Накетаев баштаган мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл тургундары катышты.

Айыл башчы Кайнарбек Рысбек уулунун айтымында, үйдүн курулуш иштерине жалпы 374800 сом жумшалды.

Салтанаттын жүрүшүндө марафон уюштурулуп, тургундар бул үй-бүлөгө колдоо көрсөтүштү. Андан 62 миң сом, 1 баш торпок, 3 баш улак, 1 кой жана 1 козу чогултулду. Жалпы 6 мал-жандык жана баасы 60 миң сомдун тегерегиндеги үй тиричилик буюмдары үй ээсине тапшырылды.

Салтанаттын соңунда Өмүрзак Дөлөкеевдин туугандары үйдү курууга жардам көрсөткөн райондук мамлекеттик администрациясына, Каныш-Кыя айыл аймагына, айылдык кеңешке, мекеме-ишканаларга жана кайрымдуу инсандарга ыраазычылык билдиришти.

Айгыр-Жал айылында жардамга муктаж тургундарга ашар жолу менен үй куруп берүү жөрөлгөсү 2018-жылы башталып, айылдын ошол кездеги башчысы Капарбек Смаиловдун демилгеси менен 1 жаранга үй курулуп берилген. Быйыл эки жаранга турак үй тургузулуп жатат.

Капарбек Смаилов билдиргендей, айылда бул жөрөлгө мындан ары да улана бермекчи. Буга чейин айылдын эли ашар жолу менен 1-топтогу майып Эмил Наргозиевдин үй-бүлөсүнө үй куруп беришкен. Марафондон 50 миң сом чогултулган. Учурда жардамга муктаж төртүнчү жаранга үй курулуп жатат. Ал май айында тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×