Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Нарын облусуЖумгал району 05.12.2019 17:26 На русском

«Уулумду түрмөгө камап койгулачы»: Баласынын кылыгынан тажаган эненин кайгысы

Turmush -  Жумгал РИИБдин башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Максат Сыргаков милиция тармагында 15 жылдан бери иштеп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Максат Сыргаков 1982-жылы Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. 1999-жылы ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы академиясына барып, аны 2004-жылы аяктаган. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү. Атасы Сыргак Эсенов 1952-жылы туулган. 2013-жылы узакка созулган оорудан улам көз жумган. Апасы Роза Төлөгөнова 1955-жылы Кочкор районунун Кочкор айылында туулган, кесиби мугалим.

2004-жылы окуу жайдан Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө участкалык инспектор катары жолдомо менен жиберилип, эмгек жолун баштаган. Андан соң Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук райондорунда участкалык инспектор, кылмыш иликтөө кызматында опер кызматкери, ага опер кызматкери болуп эмгектенген. 2012-жылдан 2013-жылга чейин Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын 10-бөлүмүндө ага ыкчам өкүл болуп иштеген. 2013-жылдан 2015-жылга чейин Кочкор районунда кылмыш иликтөө кызматында ага ыкчам өкүл болуп эмгектенген. 2015-2017-жылдары Нарын ОИИБде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматында ага ыкчам өкүл болуп иштеп, 2017-2018-жылдары Нарын РИИБде криминалдык милиция кызматынын жетекчиси болуп кызмат өтөгөн. 2018-жылдын июнь айынан бүгүнкү күнгө чейин Жумгал РИИБдин жетекчисинин орун басары кызматында.

Бала кездеги кыялым орундалды

- Бул кызматка келип калганымдын себеби, бала кезимден аскер адамы болсом дечүмүн. Кыялымдын арты менен орган кызматкери болуп калдым. Таякелерим армиядан келгенде алардын формаларын кийип алчумун. Ошондо алар формаларын кичирейтип тигип берип коюшту. Ата-энем негизи мугалим болосуң дешчү, алардын айтканына көнбөй койгом. Ошентип тилектер орундалып, өжөрлүгүмдөн ушул тармакка келип калгам.

Кошунасын өлтүрүп алган тургун

- 2019-жылдын август-сентябрь айларында эртең менен жумушта отурсам «102» нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түштү. Анда райондун Байзак айылында белгисиз адамдын жансыз денеси жатат деп айтылды. Аталган маалымат боюнча ыкчам топту чогултуп, криминалдык милиция кызматынын жетекчиси менен бирге окуя болгон жерге бардык. Жансыз денени үйдүн жанынан таптык. Ал ошол үйдүн тургуну Токтобек аттуу адам экен. Териштирүүнүн жыйынтыгында өзүнүн кошунасы менен урушуп кеткендиги, маркумду кошунасы өлтүрүп алгандыгы маалым болду. Кошунасы күнөөсүн мойнуна алып, азыркы учурда Жумгал РИИБдин убактылуу кармоочу жайында отурат. Азыр тергөө амалдары бүтүп калды. Эми соттун кароосуна жибергени жатабыз.

Кызык окуя болду

- Бир жолу кызык иш болду. Кемин районунда иштеп жүргөн кезимде жумуштан чыгып, үйгө кетип бара жатсам, жолдо 4 адам спирт ичимдигин ичип отурган экен. Ал адамдар менен учурашып, «ичпесеңер боло. Азыр кетип калбасаңар чара колдоном» деп үйлөрүнө тараттым. Ошондо бирөөсү мени кечке караган эле. «Бул киши эмнеге эле карап жатат, мени тааныйбы?» деп ойлонуп үйгө кетип калдым. Эртеси күнү менин кесиптештерим, ыкчам иликтөө тобунун опер кызматкерлери мени аябай караган адамды алып келишиптир. Көрсө ал адам уурулук фактысы боюнча көптөн бери издөөдө жүргөн киши экен. Мага «сизди бир жерден көрдүм эле» деди. «Сен экөөбүз каяктан көрүштүк эле» десем, «сиз арак ичпей тарагыла деп айтып кетпедиңиз беле» деп айтты.

Ысык-Ата районунда иштеп жүргөндө бир аял телефонун жоготуп жиберип, бизге арыз менен кайрылды. Биз анын телефонуна чалсак, бирөө улам өчүрүп жатты. Анан үйүнө бардык. Кайра телефонуна чалсак, телефонунун үнү үйүнөн чыкты. Көрсө баласы алып ойноп жүргөн экен. Арыз жазган аял «баламда экен, кечирип койгула. Арызымды кайтарам» деп чыкты.

Баламды уурулук менен жоопко тартып бериңиз

- 2004-жылы Кемин районунда иштеп жүргөндө бир апа келип калды. «Балам ичкилик ичет. Күнүгө үйдөн оокаттарды уурдап сатып жатат. Ушул баламды уурулук менен жоопко тартып бериңиз» деди. Ал баласы апасы менен чогуу жашайт экен. Мыйзам боюнча бир үйдө чогуу турган адамдардын бири оокатын сатса, ал уурулук фактысына жатпай калат деп биз жоопко тарта алган эмеспиз. Анан ичкилик ичип, тынчтык бербейт дегенинен 5 суткага жоопко тартканбыз.

Үй-бүлөм

- 2 уул, 1 кыздын атасымын. Колуктум Бермет Абдрахманова 1983-жылы туулган, кесиби мугалим. Азыркы учурда Кочкор районуна караштуу музыкалык мектепте директор болуп эмгектенет. Үй-бүлөм Кочкор районунда, бош убактымда, эс алуу күндөрү барып турам. Алар келип-кетип турушат. Бермет бул жактан жумуш чыкса которулуп келем деп жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×