Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 04.12.2019 19:41

Чаткалда ишкерлер мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам беришти

Turmush -  Чаткал районунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 100дөн ашык адамга ишкерлер кышкы кийимдерди белек кылышты.
Мындан тышкары, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 40 балага 1000 сомдон жардам көрсөтүштү.

Ал эми Чаткал айыл өкмөтү тарабынан 30 адамга 42 миң сомдук жардам берилди.

Чаткал району боюнча ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 440 жаран бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×