Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 04.12.2019 16:24

Чаткалда 39 койду карышкыр тамактап, 5 уйду жеп кетти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Ак-Таш айылында карышкы бир күндө 39 койго кол салды. Бул тууралуу айыл башчы Алик Максымбеков билдирди.

Анын айтымында, кыш келери менен карышкыр күч алды.

«Ноябрь айынын аягында койлор камалган малканага карышкыр кирип, 39 койду тамактап кеткен. Бир кой арам өлүп, калгандарын адалдап союп алышкан. Ал койлор элден чогулган экен. Мындан тышкары, карышкырлар 5 уйду жеп кетишкен. Азыр айыл өкмөткө кайрылып, куралы бар адамдарга ок-дары берүүнү сурандык. Бир карышкырды тузак менен кармашты. Бирок мал-жандыкка дагы деле кол салуу болуп жатат», - деди ал.

Чаткал районунда кышында карышкыр күч алат. Жылына райондо 10дон ашык карышкыр жок кылынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×