Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-январь
Нарын облусуЖумгал району 04.12.2019 13:53

Күндүн сүрөтү: Жумгалда атылган ит-мышыктар

Turmush -  Жумгал районунун аймагында жолбун ит жана мышыктар атылып жатат. Бул тууралуу Жумгал райондук айыл чарба департаментинен билдиришти.

Аталган түзүмдүн жетекчиси Талант Молдокеевдин айтымында, райондун Байзак айылында 305 ит, 133 мышык жок кылынса, Баш-Кууганды айылында 34 ит атылган. Ал эми Жаңы-Арык айылында 112 ит, 11 мышык атылса, Таш-Дөбө айылында 59 ит, 7 мышык атылган.

«Башка айыл өкмөттөрдүн жергиликтүү бюджетинен ит, мышык атууга каражат бөлүнүп, мергенчилер жалданды. Атылган ит-мышыктар ветеринардык эрежеге ылайык көмүлдү», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×