Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-январь
Ош облусуНоокат району 04.12.2019 11:01

Ноокатта пара менен кармалган инспектор айым сурактан кийин кардиологияга жаткырылды

Turmush -  Ноокат районунда пара алып жаткан жеринен кармалган жол тескөөчү ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

Кечээ, 3-декабрь күнү күч органдары тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын жыйынтыгында Ноокат райондук ЖКККБнын кызматкери, милициянын старшинасы З.К. 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

Жактоочунун айтымында, З.К. экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгында 10 саат сурак бергенден кийин абалы начарлап, оорукананын кардиология бөлүмүнө жеткирилген.

«Буга чейин З.К.нын жүрөгү ооруп, 3 ай дарыланып чыккан. Кечээ сурак берүү учурунда да абалы начарлап, тез жардам кызматы менен кардиология бөлүмүнө жеткирилди. Дарыгерлер тарабынан анын жүрөк оорусу тастыкталып, дарыланууга жаткырылды. Көрсөтмө берди, көрсөтмө берүүдөн качпайм деп жатат. Далил катары алынган акчада анын манжасынын издери бар экендиги азырынча далилдене элек. Экспертизанын жыйынтыгы чыкканда гана айыптоого мүмкүн. Акча сунуштаган жаранга протокол түзүлгөн», - деди Назгүл Сүйүнбаева.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 30-ноябрда Ички иликтөө кызматына М.М. аттуу тургун кайрылып, ЖКККБнын кызматкерине чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, инспектор жол эрежесин бузгандыгы үчүн 2 миң сом пара алгандан кийин дагы 8 миң сом талап кылган. Жол тескөөчү М.М.нын паспортун алып, кайра бербей койгон. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×