Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-январь
Чүй облусуЖайыл району 04.12.2019 10:20 На русском

Куткаруучуларды сүзгөн «Лексус»: Нурлан жол тескөөчүнү четке түртүп, өзү кача албай калган

Нурлан Шаршенбеков
Нурлан Шаршенбеков

Turmush -  Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучусу өз өмүрүн тобокелге салып, жол тескөөчүнү куткарган. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

22-ноябрда Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө, тактап айтканда Бишкек–Ош унаа жолунун 193-чакырымында түнкү саат 00:30-01:30 чамасында жол кырсыгы катталган. «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасынын айдоочусу жолдун боюнда токтоп турган оор жүк ташуучу унааны артынан сүзгөн. Анын кесепетинен «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасынын айдоочусу жана эки жүргүнчү Токтогул райондук ооруканасына жеткирилип, бир жүргүнчү окуя болгон жерден каза болгон. Кырсык болгон жерге Садовое айылындагы куткаруучуларды даярдоо борборунун аскер бөлүгүнүн 5 куткаруучусу барган. Аталган бөлүктүн куткаруучулары Ош—Бишкек унаа жолунун 154-километринде нөөмөттө турушат. Куткаруучулар жабырлануучуларга жардам көрсөтүп жатышканда аларды «Лексус» унаасы сүзгөн. Тактап айтканда, «Лексус» алгач авариялык куткаруу унаасын, аны менен кошо куткаруучуларды сүзүп кеткен.

«Куткаруучулар куткаруу иштеринин алдында талаптагыдай атайын белгилерди, ленталарды орнотушкан жана стробоскоп иштеп жаткан. Жол кырсыгы катталган жерде ЖКККБнын кызматкерлеринин кызматтык унаасы дагы бар болчу. Бирок бардык эскертүүчү белгилерге карабай, "Лексус" унаасы ӨКМдин кызматкерлеринин унаасын жана бардык 5 куткаруучуну сүзгөн», - деди Жайыл райондук жана Кара-Балта шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жарандык коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Эржан Исаков.

Окуя болгон күнү куткаруучулардын бири — 1998-жылы туулган кичүү сержант Нурлан Шаршенбеков өз өмүрүн тобокелге салып ЖКККБнын кызматкерин куткарып калган. Ал «Лексус» унаасынын аларды көздөй келе жатканын көрүп, милиция кызматкерин четке түртүп, өзү унаанын алдында калган. 21 жаштагы куткаруучу ички органдарынан олуттуу жаракаттарды алган. Ал бүгүнкү күнгө чейин ооруканада дарыланууда. Ал эми ЖКККБнын кызматкери жаракат алган эмес. Калган 4 куткаруучу сыныктар бөлүмүнө жеткирилген, алар жеңил жаракаттарды алышкан.

Эржан Исаковдун айтымында, куткаруучулар кабылган жол кырсыктын себеби тайгак жол, жогорку ылдамдык жана өз убагында алмаштырылбаган жайкы дөңгөлөктөр болушу мүмкүн. Балким «Лексустун» айдоочусу уктап кеткен.

Жайын райондук ӨКБнын куткаруучулары айдоочуларга жол эрежесин жана аралыкты сактоону, жайкы дөңгөлөктөрдү алмаштырууну эскертет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×