Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 03.12.2019 13:27

Таш-Көмүр шаарында малдын тоюту, сарай жана үй өрттөндү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында малдын тоюту өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык шаардын Нарын көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен сарайдын 120 чарчы метр чатыры, 800 түк чөп жана 4 куб отун күйгөн. Өрт балдардын от менен болгон шоктугунан улам чыккан.

Шаардын Баетов көчөсүндөгү үйдүн жыгачтан салынган 20 чарчы метр бөлмөсү жана 6 чарчы метр жер төлөсү күйүп кетти. Бул кырсыктын себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×