Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 02.12.2019 16:49 На русском

Ала-Буканын Жапа-Салды айылында жаңы ФАП ачылды. Сүрөт

Turmush -  Ала-Бука районунун Ак-Там айыл аймагынын Жапа-Салды айылында 5 бөлмөлүү жаңы ФАП ачылды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Ачылыш аземге аким Э.Абдыкадыров, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Жалал-Абад облусундагы жетекчиси Ж.Осмоналиев, Ак-Там айыл аймагынын башчысы М.Камчыбеков, райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Р.Баймуратова, айыл аймактын аксакалдары жана айыл тургундары катышты.

Буга чейин айылдагы ФАПтын кызматкерлери башка имаратта иштеп келишкен. Жаңысын курууга районду өнүктүрүү фондунан 3 миллион 490 миң сом бөлүнгөн.

Ала-Бука району боюнча 19 ФАП болсо, быйыл жаңы 2 ФАП курулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×